• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада 17 жылдан кийин “Алтын балалык” реабилитациялык комплекси иштей баштады

Коом 0


Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы реконструкциялоодон кийин иштей баштаган «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, комплекстин имараты 17 жылдан бери токтоп, курулуш иштери өткөн күздө кайрымдуулук марафонунан кийин башталган.

Борбор Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде 19,5 миң чарчы метр аянтта жайгашып, көлүдүн климаты, бальнеологиялык шарттары балдардын ден соолугун чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу.

Борбордо: ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардамды камтыган балдардын соматика бөлүмү жайгашкан.

Эхокардиограф, операциялык жана реанимация бөлмөсү менен жабдылган кардиохирургиялык борбор иштейт.

Учурда комплекске биринчи агымда 194 бала жайгаштырылган, анын ичинде реабилитацияга муктаж жана жайкы лагерге эс алганы келген балдар бар.

Мамлекет башчысы бул комплекске бүгүнтөн тартып 15-сентябрга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары келерин белгиледи. Ар он күндө 250 бала кабыл алынат. Дагы бир максат ишке ашты – «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык комплекси ачылды.

Президент бул комплексти куруу жана реконструкциялоо иштерин жүргүзгөн куруучулардын эмгегин канааттануу менен белгиледи. Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге «Алтын балалык» комплексин өз убагында ишке киргизүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүмдөрдү, уктоочу блокторду, клиникалык лабораторияларды, коомдук тамактануу бөлүмдөрүн карап жатып, мамлекет башчысы балдар жана алардын ата-энелери менен да баарлашты.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул ден соолукту чыңдоочу комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган медициналык борборго айланат.

Ушул эле жерде мамлекет башчысы жана биринчи айым Айгүл Жапарова комплекске болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынан келген 11 жаштагы Инас Айтбаеванын көргөзмөгө коюлган сүрөттөрү менен таанышты. Ал Мамлекет башчысына өзү тарткан сүрөттү белек катары даярдаган.

Президент Инас Айтбаевага көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ага өзүнүн эстелик белегин тапшырды.

Андан соң президент Садыр Жапаров «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык борборунун аймагына көчөттөрдү отургузду.

Пикир

Оставить комментарий